Жаңылыктар
Улуттук электр тармактары компаниясынын автопаркы беш атайын техника менен толукталды
Экономика
Улуттук электр тармактары компаниясынын автопаркы беш атайын техника менен толукталды

Кыргызстандын Улуттук электр тармактары компаниясынын автопаркы беш атайын техника менен толукталды. Биринчи жолу электр тармактарынын кызматкерлери Урал автозаводунда жасалган көп функционалдуу унааларга ээ болушту. Техникалар жогорку кубаттулуктагы электр линияларын камсыздоого ыңгайлаштырылган жана өлкөнүн аймактарына бөлүштүрүлмөкчү.

Улуттук электр тармактары ишканасы кубаттуулугу 110, 220 жана 500 киловольтко эсептелген жогорку электр өткөрүүчү линиялардын ишин камсыздайт. 7000 чакырымга созулган өткөргүчтөрдүн көп бөлүгү тоо тилкелерине жана ашууларга туура келет. Ошондуктан энергетиктер жол тандабаган жаңы техникалардын келишине кубанып турган чактары, анткени авария орун алган тилкелерге эми тезирээк жетүүгө мүмкүн, айрыкча тоолуу аймактарга. Компаниянын автопаркы дээрлик 30 жылдан бери жаңыланган эмес.
Азыркы учурда күзгү-кышкы маалга карата даярдык иштери жүрүүдө. Тактап айтканда жогорку чыңалуудагы линиялардын эски фарфор чынылары айнекке алмаштырылууда. Мындан сырткары "Энергетика тармагын өнүктүрүү" программасынын алкагында жүздөн ашык чакан станциялар модернизациядан өткөрүлүүдө.