Жаңылыктар
Дача Судагы авиакырсыктын чыгымдарын төлөө маселеси жакында чечилет
Кыргызстан жаңылыктары
Дача Судагы авиакырсыктын чыгымдарын төлөө маселеси жакында чечилет

Түркиялык авиакомпания тарабынан Дача СУ айылындагы авиакырсыктын чыгымдарын мамлекетке төлөп берүү маселеси жакын арада чечилет. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев чыгымдарды төлөп берүү маселеси боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында билдирди. 

"Ведомстволор аралык топ жана өкмөттүк комиссия жабыркагандарга чоң жардам көрсөттү. Көптөгөн жарандар кыйроодон кийин турак жайы жана документтери жок калган. Документтерин жоготкондор жаңыларын алды. Каза болгондордун туугандарына өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилди. Мамлекеттик органдардын ыкчам жана жөнгө салынган иши жаралган көйгөйлөрдү өз учурунда чечүүнү камсыз кылды. Ыкчам түрдө медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлдү. Мындан сырткары "ACT Airlines" компаниясы тарабынан жабыркагандардын 34 тууганы Түркиянын Анталия шаарында эс алып, реабилитациялык дарылануудан өтүп келди", - деп маалымдады Абулгазиев. 

Түркия тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өкмөттүк комиссия жетишилген чечимдер боюнча коомчулукка толук маалымат берип, атайын маалымат жыйынын уюштурат. Эске салсак, түрк авиакаттамдарынын учагы Бишкектин алдында 16-январда кыйраган, андан 37 адам көм жумган.