Жаңылыктар
Сауд Аравияга кеткен кыргызстандыктардын ден соолугуна кандай кам көрүлүүдө?
Ден соолук
Сауд Аравияга кеткен кыргызстандыктардын ден соолугуна кандай кам көрүлүүдө?

Сауд Арабияда кыргызстандык ажылар жайгашкан жатаканаларда 2 медициналык тейлөө түйүнү иштеп жатат. Мындан тышкары аларды 13 дарыгер коштоп кеткен. Дары-дармектер дагы жетиштүү. Зыярат кылуу үчүн Сауд Аравияга кеткен кыргызстандыктардын саламаттыгына кандай кам көрүлүүдө?

Сауд Арабияга кыргыз зыяратчыларын коштоп кеткен дарыгерлер күн-түн дебей иштеп жатат. Ажылыкка баргандардын көпчүлүгү пенсия курагында болгондуктан, ысыктан кан басымы көтөрүлгөн учурлар катталууда.

"Ажылардын да өздүк гигиенасына өзгөчө көңүл бурулуп, түзүлгөн графиктин негизинде ар бир жатакананын жана ажылар жаткан орундарды кыдырып турушат. Муну менен катар Сауд Арабияда күн ысык болгондуктан, тамакты сактоо эрежелерим дагы катуу көзөмөлдөнүүдө",- дейт санитардык врач Каратаева Уулкан.