Жаңылыктар
КСДП фракциясы өкмөттүн курамы боюнча консультативдик-кеңешме өткөрдү
Саясат
КСДП фракциясы өкмөттүн курамы боюнча консультативдик-кеңешме өткөрдү

Парламенттеги КСДП фракциясы өкмөттүн курамы боюнча консультативдик-кеңешме өткөрдү. Жыйында премьер-министрликке учурдагы президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, биринчи вице-премьерликке Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, экономика маселелери боюнча вице-премьерликке Дүйшөнбек Зилалиев, коопсуздук боюнча вице-премьерлик кызматка Темир Жумакадыров сунушталды. Ошондой эле министрлер кабинетинде да айрым өзгөрүүлөр, тактап айтканда, экономика министрлигине президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Артем Новиковдун талапкерлиги каралууда. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"