Жаңылыктар
Парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министр кызматына Сапар Исаковду көрсөтүүдө
Саясат
Парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министр кызматына Сапар Исаковду көрсөтүүдө

Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтүүдө. Сессия өкмөттүн жаңы курамын түзүү зарылчылыгынан улам чакырылды. Парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министр кызматына Сапар Исаковду көрсөтүүдө. 

22-августта Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, кызматынан кетүүсү боюнча арыз жазгандыктан, президент Алмазбек Атамбаев анын отставкасын кабыл алып, өкмөт курамындагы жооптуу жетекчилер убактылуу милдет аткаруучу болуп калышкан. 

Төрага Чыныбай Турсунбеков билдиргендей, сессия ачылгандан кийин коалиция көрсөтүлгөн талапкер боюнча чечимин чыгарат. Ал эми комитет Конституциялык мыйзамга ылайык парламенттин отурумуна өзүнүн чечимин көрсөтөт.