Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Сапар Исаковдун талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөт курамы менен программасын жактырды.
Исаковго суроо берүүгө 40 депутат жазылган. Бирок депутат Нурланбек Макеевдин сунушу менен суроо-жооп процедурасы токтотулду. Эл өкүлү комитеттин жана парламенттин жыйынына даярдануу керектигин билдиргенден кийин аны кесиптештери колдоду.
Ошондой эле, депутат Аскарбек Шадиев парламент жыйынында, талапкерге ачык электрондук добуш берүү боюнча коалициянын чечимин киргизүүнү сунуштады. Шадиевдин сунушу дагы кесиптештери тарабынан колдоого алынды.
Көпчүлүк коалиция Сапар Исаков сунуштаган өкмөттүн курамын жана программасын жактырды. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду биринчи вице-премьер кызматына дайындоо сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, Абдыгулов Улуттук банктын башчысы кызматында өзүн мыкты деңгээлде көрсөттү.
Исаков кошумчалагандай, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди вице-премьер-министр ордуна дайындоо сунушталууда. Депутат Искендер Матраимов Уран Ахметовду юстиция министри кызматына көрсөтүүнү кайра карап чыгууну өтүндү.
"Ахметовго бир аз убакыт бериш керек, анткени анын потенциалы жогору,” - деп белгиледи Исаков. Депутат Осмонбек Артыкбаев экономика министри кызматына талапкер Артём Новиковго туризмди өнүтүрүүгө көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылды. Буга чейин депутат ар кандай тармактарга инвестицияларды тартуунун жана аларды ачык-айкын пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолгон.
Мындан сырткары, Уланбек Рыскуловду Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы ордуна, ал эми Нурбек Абаскановду маалыматтык технологиялар жана байланыштар мамлекеттик комитетинин башчысы кызматына дайындоо сунушталып жатат.