Жаңылыктар
КТРК: Байкоочу кеңештин жыйыны
Кыргызстан жаңылыктары
КТРК: Байкоочу кеңештин жыйыны

КТРКнын Байкоочу кеңеши "Институт медиа - полиси" коомдук фонду тарабынан сунушталган “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы” тууралуу мыйзамга өзгөртүү толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду жана Байкоочу кеңештин регламентин талкуулап, кабыл алды. Канал боюнча азыркы мыйзам 2010-жылы кабыл алынган. 

Бирок, Медиа-Полис фондунун директору Бегаим Усенованын айтымында ал эскирди жана өзгөртүүлөргө муктаж. Негизинен медиа эксперттер мыйзамдын жаңы долбоорунда - каналдын башкы директору бир мөөнөткө гана, тагыраагы 4 жылга гана шайлануусу керек дешет. Талапкерди тандоодо да добуш берүү процессин ачык өткөрүү керектиги айтылды. 

Мындан сырткары, каналдын редакциялык саясатына мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү партиялар менен кандайдыр бир уюмдарга(анын ичинде диний уюмдарга) мүчө болуусуна, тыюу салынат. Жалпысынан каналдын Байкоочу кеңеши долбоордун документин айрым эскертүүлөр менен жактырды.