Жаңылыктар
Кореялык адистер менен тажрыйба алмашуу пайдалуу болду
Билим
Кореялык адистер менен тажрыйба алмашуу пайдалуу болду

Бишкекте медиа чөйрөдө эмгектенген адистердин билимин жогорулаткан атайын семинар аягына чыкты. 4 күнгө созулган окутууга катышкан продюсер, журналист, оператор жана кино жаратуучуларга сертификаттар тапшырылды. Анда кореялык адистер кино тартуунун жана көңүл ачуучу программаларды жаратуунун сырларын үйрөтүп, өзүлөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшкөн. 

“Мен ушул кыска убакыт ичинде көп нерсени үйрөндүм. Бизге аябай керектүү маалыматтарды топтой алдым”,- деди КТРКнын алып баруучусу Саната Жумакадырова.

Эскерте кетсек, семинар КТРК жана Медиабайланыштардын республикалык окуу борбору тарабынан уюшулду.