Жаңылыктар
Мыкты спортчулардын эрөөлү 27-августта орун алат
Спорт
Мыкты спортчулардын эрөөлү 27-августта орун алат

Мыкты делген эки мушкердин беттешин дүйнөнүн булуң-бурчундагы күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Булар бокс рингинен Лас-Вегас шаарында 26-августта кездешет. Аталган спорттук иш чараны КТРК СПОРТ каналы 27-августта саат 09:00дө түз алып көрсөтөт.

Маалым кыла кетсек, Конор Макгрегор бокс боюнча бир дагы беттеш өткөргөн эмес. Ал UFC уюмунда эки салмак чен бирдигинде чемпион болгон. Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттеш өткөрүп, 21 жолу жеңишке жетип, үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.

Флойд Мейвезер 2015-жылы спорттук карьерасын жыйынтыктаган. Жалпы 49 беттешинде жеңишке жетишүү менен рекорд койгон. Мейвезер бокс боюнча 5 салмак чен бирдигинде катары менен чемпиондукту камсыздаган.