Жаңылыктар
Быйылкы картөшкөнүн баасы дыйкандарды кубандырууда
Айыл чарба
Быйылкы картөшкөнүн баасы дыйкандарды кубандырууда

Учурунда 100 миң тоннага чейин картөшкө өндүрүп, коңшу Өзбекстан өлкөсүнө сатып келген Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын эли кайрадан эле картөшкө аянттарын көбөйтүүнү колго алууда. Дыйкандар жыл ичинде картөшкө эгип жыйноо менен эле чектелип калбастан, жерди эки жолу иштетүү сырын да жакшы өздөштүрүп алышкан.

Кайназар Ташназаров, жыл сайын картөшкө аянтын кеңейтүүдө. Быйыл 25 сотых жерге картөшкөнүн желе сортун эгип, 10-15 күн ичинде жыйнап алуу алдында турат. Өткөн жылы 15 сотых жерге эккен картөшкөсүнөн 7-8 тонна түшүм алган. Быйыл эми болжол менен 10 тоннадан ашуун түшүм жыйнайм деп отурат. Дыйкан быйыл картөшкөнүн баасы жогору болуп жатканын айтып, жаздан берки эмгек акталат деген ойдо.
“Биздин жашоо тиричилик картөшкө менен өтөт. Мен бул сортту эки жылдан бери эгип келем. Бул картөшкөнүн өзгөчөлүгү, даамы таттуу.  Анан чоң-чоң болот”,- дейт Көк-Таш айылынын тургуну Кайназар Ташназаров.