Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча практикалык машыгуу өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча практикалык машыгуу өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча практикалык машыгуусу өттү. Анда Ысык-Көл облустук өрт өчүрүү жана куткаруу кызматы абада, сууда жана жерде жарандарды куткаруу жолдорун практика жүзүндө көрсөтүп, окуулар 3 этапта жүргүзүлдү... Белгилей кетсек мындай масштабдагы окуулар ШКУнун алкагында биринчи ирет өткөрүлүүдө. Аталган окууларга Шанхай уюмунун өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иштер менен алектенген ведомстволор аралык мүчө мамлекеттери күбө болушту. 

Ысык-Көлдүн жээгинде бул ирет машыгуулар бир кыйла өзгөчөлүктөр менен башталды. Адам баласын жер титирөөдө, өрт, жер көчкү, сууда чөгүү кырсыктарынан сактап калуу үчүн болгон аракеттер жумшалышы керек. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында буга чейин өтүп келген окууларга Кыргызстандын суу үстүндө, аба аркылуу куткаруу кызматтары биринчи ирет катышууда. Мындай аракеттерге Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрү тарабынан жогорку деңгээлде баа берилди.

Белгилей кетсек Кыргызстандагы мындай окуулар баардык катмарды өзүнө камтып, биринчи ирет өтүүдө. Ысык-Көл облусунда суу транспорттору аз гана өлчөмдө, бирок ага карабастан аларга карата болгон көзөмөл курч. Кыргызстан тарап мындай окууларды өткөрүүгө даярдыктарын көргөн. Бирок суу үстүндө биринчи ирет окуулар болгондуктан кемчиликтер болбой койгон жок

Бул окуулардын жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүк кылган мамлекеттердин байрактары абада желбиреп, атайы парашютчандардын колунда жерге түшүрүлдү Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы мындай өзгөчө кырдаалдар министрликтердин кызматкерлери арасындагы окууларды өткөрүүгө Индия тарап кызыкдар экенин белгиледи. Келээрки жылы болжол менен окуулар Индияда өтүшү күтүлүүдө.