Жаңылыктар
Кыргыз улакчыларынын кезектеги жеңиши
Спорт
Кыргыз улакчыларынын кезектеги жеңиши

Астанада өтүп жаткан "Көк Бөрү" боюнча дүйнө биринчилигинде кыргыз улакчыларынын кезектеги оюну дагы жеңиш менен аяктады. Анда Кыргызстан АКШнын курама командасын 11:6 эсебинде утту. Таймаштын жүрүшүндө кыргызстандык улакчылар каршылаштарына упай алууга мүмкүнчүлүктү өздөрү берип жаткандыгы оюнда даана байкалды. 

Кыргызстан менен АКШнын таймашы адаттагыдай эле күйөрмандардын сүрөөсү менен башталды. 

Ошентип кыргыз улакчылары дүйнө биринчилигинде 5-атаандашын менен кезикти. Оюндун жүрүшү кызыктуу болгону менен Кыргызстандын курамасы каршылаштарына упай алууга көмөк көрсөтүү менен оюн айырмаланып жатты. 

Башкы калыстын ышкырыгы жаңырып, таймаш 11:6 эсеби менен аяктап, жеңиш кыргыздын улакчылары тарапка ооду. Эскерте кетсек мекендештерибиз 5 турдун жыйынтыгында мыкты ойноп, бардык атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетишкен.
Алар Моңголияны 4:0, Өзбекстан курамасын 11:2, Түркияны 13:3, Тажикстанды 15:2 эсебинде утушкан болчу. 

Эми кыл чайнашкан таймаш алдыда. 27-августта Финалдык беттеште Кыргызстандын курама командасы казак улакчылары менен кезигет. Анда күчтүү делген эки команданын бүйүрдү кызыткан оюнун кыргызстандыктарга жалгыз КТРК жана КТРК Спорт каналдары жогорку сапатта түз алып көрсөтөт.