Жаңылыктар
Сапар Исаков премьер-министр болуп бекиди
Саясат
Сапар Исаков премьер-министр болуп бекиди

Президент Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду Премьер-министр кызматына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү тараткан кабарда Атамбаев Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 26-августта Сапар Исаковду мурда ээлеген кызматынан бошотуп, өкмөт башчы кылып бекиткени айтылат. 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында депутаттар көпчүлүк добуш менен өкмөттүн жаңы курамын жактырган.

Президент Алмазбек Атамбаев вице-премьер-министрлер тууралуу буйрукка кол койду. Ага ылайык Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды. Ал эми Дүйшөнбек Зилалиев, Темир Жумакадыров жана Чолпон Султанбекова вице-премьер-министр болуп бекиди. 

Мухамметкалый Абулгазиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. 

Ал эми Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Алмаз Үсөнов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. 36 жаштагы Алмаз Үсөнов 2012-жылдан бери Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүн жетектеп келген. Буга чейинки президенттик аппараттын жетекчилеринин ичинен Алмаз Үснов эң жаш аппарат жетекчиси.