Жаңылыктар
Көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиону Казакстан курама командасы аталды
Спорт
Көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиону Казакстан курама командасы аталды

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын көптөн бери күтүп жаткан таймашы 27-августта Астананын “Казанат” ипподромунда өттү. Анда мыктынын мыктысы наамына Кыргызстан менен талаа ээси Казакстан беттешти. Акыркы жолу бул эки айтылуу атаандаш былтыр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында күч сынашкан. Анда кыргызстандыктар боордош өлкөнүн улакчыларын 15:3 эсебинде уткан. 

Ал эми бүгүнкү оюн элдин бүйүрүн кызытып, абдан кызыктуу болду. Таймаш 4:1 эсебинде жыйынтыкталып, көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиону Казакстан курама командасы аталды. 

Жеңүүчү 10 млн теңге же сомго которгондо (2 млн 60 миң сомдон ашык) акчалай байге алат. Чемпиондуктун акыркы беттеши КТРК жана КТРК Спорт каналдарында түз ободо көрсөтүлдү.