Жаңылыктар
Жол кырсыгынан каза болгондор көбөйдү
Кырсык
Жол кырсыгынан каза болгондор көбөйдү

Күн мурун Ош облусунун Алай районунда жол кырсыгынан 3 адам каза таап, дагы беш киши ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилген. Окуя Ош-Иркечтам жолунда Нур айылынын аймагында орун алып, анда эки унаа бетме бет сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча каза тапкандар атасы менен балдары болгон.

Бул кечээ-бир күндө болгон кырсык тууралуу гана маалымат. Акыркы учурда болсо авариядан каза болгондор, жараат алып өмүр бою майыпка айлангандар тууралуу кабарлар күн сайын келип жатат. Айрыкча акыркы кездеги жол кырсыктарынын көбү өлүм менен аяктап жатканына баам салса болот.

Жол кырсыктарынын себеби болсо көп. Ичимдик ичкен айдоочулардын көбөйүшү, жол кайгуул кызматкерлеринин паракорчулугу, жетиштүү жол эрежесинин белгилери жок. Көп жылдардан бери “Коопсуз шаар” долбоору да ишке ашпай, эреже бузгандарды сүрөт, видеотасмага түшүрүү маселеси да чечилбей турат. Буга кошумча авто мектептердин коррупциялашып калганы айтылып, айдоочу болом дегендерге татыктуу билим берилбей калганы айтылып эле жүрөт.

Андыктан жол кырсыктарына карата катаал чара көрүлбөсө, жүздөгөн жарандарыбыз ажалын жолдо табышууда. Тиешелүү кызмат жетекчилери жолдо жүрүү эрежелери боюнча жаңы талаптарды киргизип, жолдогу терс көрүнүш менен чечкиндүү күрөшүүгө белсенип турат.