Жаңылыктар
Москвадагы басмаканадагы өрттөн каза болгон кыз-келиндер эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы басмаканадагы  өрттөн каза болгон кыз-келиндер эскерилди

Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасынан чыккан өрттөн каза болгон кыргызстандык кыз-келиндердин бир жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага Москвадагы кыргыз элчилигинин жана диаспоранын өкүлдөрү, жарандык активисттер, аксакалдар кеңеши, ошондой эле каза болгондордун туугандары катышты. Тилсиз жоонун айынан ажал тапкан кыз-келиндердин жакындарына көңүл айтылып, арбактарына багышталып куран окулду.

Эскерте кетсек, "Печатный экспресс" басмаканасында былтыр август айында өрт чыгып, жалпы жонунан 17 киши набыт болгон, анын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер экени аныкталган. Имараттан чыга албай калгандардын көбү 25 жаштын тегерегиндегилер болгон. Кырсыктан кийин алардын иске ууланып каза болгону аныкталган. Россиянын Тергөө комитети өрт коопсуздугун сактаган эрежелердин бузулушу боюнча кылмыш ишин козгогон. 

  

Москва шаарынын Бутырский райондук соту басмкананын башкы директору Сергей Москвинди эки жыл алты айга, инженери Антон Яцковду үч жыл алты айга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк кыргызстандык кыз-келиндердин туугандары сот жумшак өкүм чыгарып койду деп нааразы болуп, доо арыз берилген. 

Мындан тышкары, элчилик каза болгон жарандардын туугандарына компенсация төлөп берүү маселеси боюнча Россиянын тийиштүү органдары жана адвокаттар менен иштөөнү улантып жатканын кабарлады.