Жаңылыктар
Президенттик шайлоого 24 талапкер калды
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоого 24 талапкер калды

Президенттик шайлоого талапкер катары 24 киши калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 20 киши кол тамгаларды жана мамлекеттик тил сынагы боюнча сертификатты тапшырбаганы үчүн жарыштан четтетилген. 

Азыр калгандары тапшырган кол тамгалар текшерилип жатат. Алардын канчасы саясий жарышка катышары шайлоого 35 күн калганда билинет. 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого катышуу дымагы менен Боршайкомго алгач 59 жаран кайрылган.