Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Оштогу жумушчу сапарынын алкагында өзгөндүктөр менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев Оштогу жумушчу сапарынын алкагында өзгөндүктөр  менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Ошко болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзгөндүн Ынтымак айылында эл менен жолукту. Анда Алмазбек Атамбаев жаңы түптөлүп жаткан конуштун тургундарына колдоолор үзгүлтүксүз көрсөтүлөөрүн айтып, элдин отурукташуусу үчүн толук кандуу шарт түзүлөрүн билдирди. 

Жол, мектеп, бала бакча сыяктуу объектилер өз убагында бүткөрүлүп, инфраструктурага көңүл бурулаарын айтты. Эң башкысы эл ичинде ынтымак болсо алдыга коюлган максаттар ишке ашаарын баса белгиледи. 

Эске салсак, Ынтымак айылы жаздагы жер көчкүдөн жабыркагандар үчүн түптөлүп, учурда курулуштар кызуу жүрүп жаткан учур. Өзгөн районунан соң Президент Чоң-Алай районуна жөнөп кетти.

Сүрөт: Султан Досалиев