Жаңылыктар
Кыргызстан-Мьянма футбол командаларынын оюнуна билеттер сатыла баштады
Спорт
Кыргызстан-Мьянма футбол командаларынын оюнуна билеттер сатыла баштады

Кыргызстан менен Мьянма футбол командаларынын оюнуна билеттер сатыла баштаганын Футбол федерациясы билдирди. Азия кубогу — 2019 таймашынын тандоо турунун алкагындагы оюн 5-сентябрь күнү, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат. Федерация билдиргендей, билеттерге болгон баа төмөндөгүдөй, стадиондун түштүк тарабы — 250 сом; чыгыш тарабы — 350 сом; батыш тарабы — 500 сом. 

Стадиондун кассалары күн сайын саат 11.00дөн 19.00гө чейин иштейт. Кыргызстан Макао, Индия жана Мьянма курама командалары менен бир тайпада. Буга чейин улуттук команда Макаону 1:0 эсебинде утуп, индиялыктардан 0:1 эсеби менен жеңилип калган.