Жаңылыктар
Жаратылыш кырсыктарынын жабыркагандарга кандай жардамдар көрсөтүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Жаратылыш кырсыктарынын жабыркагандарга кандай жардамдар көрсөтүлүүдө?

Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусуна бир күндүк жумушчу сапарын жасады. Өлкө башчы жер көчкү жана жер титирөөдөн жабыркагандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын өзү текшерүүнү чечкен. Ушул жылы жаз айларында Кыргызстандын түштүгү бир катар табигат кырсыктарын башынан кечирип, ондогон адамдар каза таап, жүздөгөн кишилер жаракат алышкан. Көптөрү турак жайсыз калышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкүдөн ар кандай деңгээлде жабыр тарткан миңдеген үй бүлөлөрдү аныкташкан. Алар Зергер жана Жапалак-Таш айыл аймагынын тургундары. Аларды башка жерге көчүрүү чечими кабыл алынган. Коопсуз аймак өтө алыс эмес жерден табылып, Кызыл-Октябрь, Кароол жана Төрт-Көл айыл аймактарынан 705 жер тилкеси бөлүндү.