Жаңылыктар
Ата-энелер балдарды мектептерге эч кандай төлөмдөрсүз киргизе алышат
Билим
Ата-энелер балдарды мектептерге эч кандай төлөмдөрсүз киргизе алышат

Быйыл республика боюнча 121 миң бала 1-класска барат. Эми ата-энелер балдарды мектепке эч кандай төлөмдөрсүз киргизе алат. Кырдаалды билим берүү министрлиги толук көзөмөлгө алды. Быйылкы окуу жылы эмнеси менен өзгөчөлөнөт. Билим берүү министрлиги билимдин сапатын жогорулатууга аракетин көрүп жатат. Мисалы, бул жылы мектептерде англис тили сааттары көбөйтүлүп, электрондук китепканалар ачылган. Республика боюнча 2200 мугалимдин квалификациясы жогорулатылып, бул багытта атайын институт да түзүлгөн. 

Бактыгүл Акматова борбор калаага Баткенден көчүп келген. Ал шаардын мектептери балдарды оңой менен кабыл албаса керек деп ойлогон. Бирок, мектепке эч кандай тоскоолдуксуз эле кирсе болот экен дейт.