Жаңылыктар
Автоунаа, жер жана турак жай салыгын төлөө 2-сентябрда жыйынтыкталат
Кыргызстан жаңылыктары
Автоунаа, жер жана турак жай салыгын төлөө 2-сентябрда жыйынтыкталат

Автоунаа, жер жана турак жай салыгын төлөө 2-сентябрда жыйынтыкталат. Кабыл алуу бардык салык органдарында эртең мененки тогуздан кечки бешке чейин болот. 

Салык мыйзамдарына ылайык, жыл сайын 1-сентябрга чейин автоунаага, 2-сентябрга чейин жер жана турак жайларга салык төлөнүп бүтүүсү зарыл. Аны өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күнү үчүн туум кошуп эсептелет.