Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Чоң-Алайдагы жаңы оорукананын ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев Чоң-Алайдагы жаңы оорукананын ачылышына катышты

Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өлкө башчы Чон-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы оорукананын ачылыш салтанатына катышты. 

50 орундуу оорукананын курулушу 2013-жылы башталган. Объекттин сметалык баасы 54 миллион 343 миң сом. Ооруканада 22 дарыгер, ошондой эле орто жана кенже медициналык кызматкерлер иштейт. Койкалардын саны - 120. Ооруканага 2 миллион сомго жабдуулар орнотулуп, 7 миллион сомдон ашык акчага зарыл болгон эмеректер алынган. 

Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаев жер титирөөдөн жабыр тарткан жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Элеттиктердин суроолоруна жооп берип жатып президент, турак жай менен камсыз кылуу маселелерин ипотекалык насыяларды берүү аркылуу чечүүгө жана оорукана үчүн медициналык тез жардам машинасын сатып алууга каражат бөлүүгө убада берди.