Жаңылыктар
Ички миграцияны кантип токтотсо болот?
Кыргызстан жаңылыктары
Ички миграцияны кантип токтотсо болот?

Элетти адистештирүү – ички миграцияны токтотууга өбөлгө түзөт. Экинчиден, айыл инфраструктурасын өнүктүрүүгө негиз жаратат. Айрыкча, чек арага чукул жайгашкан айылдардагы жаштарды кармап калууга себепчи болорун адистер белгилешет.

Мурунку чарбалар тарап, жер үлүшкө бөлүнүп берилген кезде айрым аймактарда бир жаранга 2 сотыхтан жей тийген мисалдар болгон. Ошондуктан мындай жерин иштетип, үй бүлө багууга чамасы келбеген айыл тургуну шаарга келе бергенин жашырбайт.

Элет жерлерине чакан жана орто ишканаларды ачууга мамлекеттик деңгээлде маани берилүүдө. Бул андагы жаштарды айылда кармап калууга багытталган саамалык экенин адистер белгилешет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"