Жаңылыктар
Жаштардын бийликке келиши, жакшылыктын жышааны
Саясат
Жаштардын бийликке келиши, жакшылыктын жышааны

Жаңы шайланган өкмөттүн курамы дээрлик өзгөргөн жок, болгону бир нече министрлер менен вице-премьерлер алмашты. Алардын арасында эң жаш министр катары 30 жаштагы Артем Новиков бар. Андан сырткары, 40тын кырынан жаңы ашкан министрлер менен вице-премьерлер да жаңы өкмөттүн курамына кирди. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттик учурундагы дагы бир жетишкендиктеринин бири бул жаштардын бийликке келиши экендигин жергиликтүү талдоочулар белгилешет. 

Кыргызстандын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, кыргызды дүйнөгө таанытып, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жан үрөгөн залкар инсандарыбыз абдан көп. Мына ушул инсандарыбыз да жаш туруп ат көтөргүс эмгектерди жасай алган. Маселен, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 14 жашында айыл өкмөтүнүн катчысы болуп иштеген. Ал эми улуу инсан Исхак Раззаков 30дан өтүп-өтпөй Өзбек ССРде министрлик кызматка чейин жетип, 35 жашында Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп 5 жыл иштеген болсо, 40 жашында Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп бекиген. 

Турдакун Усубалиев болсо 39 жашында Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-секретары болуп үзүрлүү иштей баштаган. Кыргыздан чыккан дагы бир залкар инсаныбыз Күлүйпа Кондучаловага 33 жашында Тышкы иштер министрлиги кызматы жүктөлгөн.  Биз жогоруда мисал кылган инсандарыбыз 30 жаштан эле эң жооптуу кызматтарды татыктуу аткарып, Кыргызстандын өнүгүшүнө ат көтөргүс салымдарын кошкон.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"