Жаңылыктар
Курман айтка карата 100 боз үй тигилип, чоң маданий иш-чара өтөт
Дин
Курман айтка карата 100 боз үй тигилип, чоң маданий иш-чара өтөт

Курман айтка карата Сокулук районунун Белек айылында "Кыргыз майрамы — Курман айт" аттуу чоң маданий иш-чара өткөрүлөт. Иш-чара Кыргызстан дин иштери башкармалыгынын колдоосу менен 2-сентябрь күнү уюштурулат. 

Белек айылына 100 боз үй тигилип, бир тонна күрүч басылып жети облустан келген эл, спортчулар айттын сыйын көрүшөт. Ошондой эле көк бөрү, ат чабыш, кыз куумай, күрөш сыяктуу улуттук-спорттук оюндар ойнотулуп, куран окуу боюнча кыздар арасында мелдеш болот. Баш байгеге 9 боз үй каралган. 

Андан сырткары, жылкы, төө, тай, кунан, мамалак сыяктуу баалуу байгелер болот. Спорттук иш-чарага каалаган спортчу катыша алат. Иш-чаранын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 500гө чукул кой союлуп таратылганы жатат.