Жаңылыктар
Кыргызстандык ажылар Мекке шаарынан Мина өрөөнүнө көчүүдө
Дин
Кыргызстандык ажылар Мекке шаарынан Мина өрөөнүнө көчүүдө

Мина өрөөнүндө Арафат тоосу жайгашкан. Курман айтка бир күн калганда, тагыраак айтканда арапа күнү дүйнө жүзү боюнча Сауд Аравияга ажылыкка барган бардык зыяратчылар ошол Арафат тоосунан негизги ажылык амалдарды жасашы кажет. 

Муфтияттын маалыматы боюнча, Мина өрөөнү кыргызстандык ажыларды кабыл алууга даяр. Өрөөндөгү чатырларда шарт былтыркыга салыштырмалуу жакшырып, суулардын жана муздун запасы былтыркыга салыштырмалуу көп камдалды. Быйыл ажылыкка келгендердин саны көп болгондуктан, коопсуздук талаптары да күчөтүлүп, бардык шарттар каралган.