Жаңылыктар
Өзгөчө ыкмадагы кыргыз туусу
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө ыкмадагы кыргыз туусу

Өзгөчө ыкмада жасалган Кыргызстандын желеги 75 миң сомго сатылды. Аукционго ишкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эстрада жылдыздары катышып, тууну ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков сатып алды. 

Эске салсак, өткөн жумада “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчылары 13 миң мык жана 20 чакырымдай жип керектелип "String art" ыкмасы менен жасалган желек тууралуу айтып беришкен. 

Ага ылайык, мамлекеттик тууну Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин студенттери желек күнүнө карата жасашкан. Демилгечилер байракты сатуудан түшкөн акчаны Токмоктогу балдар үйүн оңдоого жумшай тургандыктарын билдиришкен эле.