Жаңылыктар
FIFA: кыргыз футболчулары рейтингдеги ордун кармап турат
Спорт
FIFA: кыргыз футболчулары рейтингдеги ордун кармап турат

Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын февраль айындагы рейтинги боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 105-тизмени сактап калды. Февраль айында жергиликтүү команда бир да жолу расмий оюндарды өткөргөн эмес. 

Курама январь айынын жыйынтыгы менен ушундай эле көрсөткүчкө ээ болгон. 105-орун - азырынча кыргыз футбол тарыхындагы мыкты жетишкендик. 

FIFAнын февраль айындагы рейтинги боюнча Армениянын футбол командасы жети тепкичке жогору көтөрүлүп, эң мыкты команда аталса, ал эми 15 сапка төмөн түшүп кеткен Демократиялык республикалардын Сан-ТАме менен ПринсИпи командасы эң начар болуп калды. Тизменин сап башында Бельгия, Аргентина жана Испания курама командалары келе жатат.