Жаңылыктар
Бишкекке “Газпром” ишканасынын каржылоосунда мектеп курулат
Билим
Бишкекке  “Газпром” ишканасынын каржылоосунда мектеп курулат

Мына ушул “Газпром” ишканасынын каржылоосу менен Бишкек шаарында дээрлик миң окуучуга эсептелген жалпы билим берүүчү мектеп курулат. Архитектуралык жактан өзгөчө, техникалык жабдуусу жана окуу шарттары боюнча айырмаланган мындай мектеп азырынча өлкө аймагында жок. Мектептин пайдубалына капсула салуу иш-чарасы бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда болуп өттү.

Жаңы мектеп Бишкектин “Асанбай кичи районуна 3 жарым гектар жерге курулат. Имараты 4 кабаттуу, ичинде 33 класс жайгашат. Жалпы 960 окуучуга эсептелген. Мындан сырткары китепкана, спорт аянтчалары, бассейин жана 350 орундук ашканасы болот. Мектеп заманбап үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылып, архитектуралык жактан да өзгөчө жасалгаланат. Мектеп курулчу жерге бүгүн президент Алмазбек Атамбаев жана орусиялык “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллердин катышуусунда капсула салынды. Өлкө башчынын айтымында, заманбап мектептин курулушуна “Газпром” 1 млрд 200 млн рубль сарптайт. 


Алмазбек Атамбаев “Газпром” ишканасы буга чейин да өлкөдө бир катар социалдык обьектилерди курганын белгиледи. Мындан сырткары миңдеген үй бүлөлөр үзгүлтүксүз көгүлтүр отун менен камсыз болушууда. Андыктан “Кыргызгазды” бардык маселелери менен орусиялык компанияга өткөрүп берүү туура чечим болгон дейт. 

Иш-чарада газ тармагын модернизациялоо жана өнүктүрүү, атайын долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга салымы үчүн “Газпром” ишканасынын төрага орун басары Виталий Маркелов “Даңк” медалы менен, компаниянын башкармалыгынын мүчөсү Вячеслав Михаленко ардак грамота менен сыйланды. Ал эми Мурат Сулайманов “Өнөр жайдын эмгек сиңирген кызматкери” ардактуу наамын алды. 

Жалпы билим берүү мектебин 2 жылда куруп бүтүү пландалды. Компания жетекчилиги курулушту өз мөөнөтүндө аяктап, ишке берүүнү убадалады.