Жаңылыктар
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келет
Саясат
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келет

Келерки аптада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келет. Анын иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алака, чек ара көйгөйүн чечүүгө байланышкан маселелер талкууланаары күтүлүүдө. Соңку учурларда Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы артууда. Мирзиёевдин сапары менен мындан аркы байланыш дагы бекемделет деп ишеним арткандар арбын.

Соода-экономикалык байланыш, чек арадан чыккан талаштарды жоюу, аймактык коопсуздукту бекемдөө, айтор коңшу өлкө менен биргелешип ишке ашырууну талап кылган маселелер аз эмес. Аларды ишке ашырууга эки тарап тең кызыкдар.

“Ташкент конструктивдүү сүйлөшүүлөргө, эң талылуу маселелерди чечүүнүн жолун табууга даяр. Өзбекстан менен Кыргызстан кеңири масштабдагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат. Эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуусуна мүмкүнчүлүктөр бар. Өзбекстан Кыргыз Республикасы менен маданий алаканы арттырууга да кызыкдар”,- деди Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов.