Жаңылыктар
Майрам күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Майрам күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

31-август Эгемендүүлүк күнүндө жана 1-сентябрь Билим күнү менен Курман Айт майрамына карата Бишкек шаарынын көчөлөрүндө унааларга чектөө киргизилет.

Алар төмөнкүлөр: Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн, Тыныстанов көчөсүнө чейин жабык болот. Ошондой эле Тоголок Молдо, Логвиненко жана Эркиндик бульварында Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки аралыктары жабылат. Ошондой эле, майрам күндөру коомдук тартипти сактоого 2200 тартип сакчысы тартылат.