Жаңылыктар
Күндүн темасы: Турак-жайды камсыздандыруу учурдун талабы
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Турак-жайды камсыздандыруу учурдун талабы

Жарандардын турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруусу бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынан болуп келет. Бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев да Ош облусуна болгон иш сапарында, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан тургундар менен болгон жолугушууда жарандарды үйлөрүн камсыздандырууга чакырды. Өлкө башчы өз сөзүндө: үй камсыздандырылса, каржы көйгөйү жаралбай турганын белгиледи.  үстүбүздөгү жылдын август айына чейин 30 миңден ашуун турак жай камсыздандырылып,  жарандардан 20 миллионго жакын акча түшкөн. Алардын ичинен 67 сине жардам көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ынтымак айылында жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушту. Анда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев үйдү камсыздандыруунун маанисин жана зарылчылыгын белгиледи. 

Ажо башчы өз сөзүндө: “Жарандар акчаларын тамеки жана аракка, тойлорго коротот, ал эми айына турак жайды камсыздандырууга 50 сом таба алышпайт. Жарандарыбызды турак жайды камсыздандырууга чакырып кетээр элем, себеби бул абдан маанилүү жана зарыл иш”, - деди. "Күндүн темасынын" түз эфиринен турак-жайды камсыздандыруу маселесине байланышкан уктурууну уга аласыздар.