Жаңылыктар
Автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү бүгүн аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү бүгүн аяктайт

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык төлөөнүн мөөнөтү аяктап калды. 1-сентябрь курман айт майрамына байланыштуу автоунаа салыгын төлөө 30-августта соңуна чыгат. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, белгиленген убакыттан кийин салык төлөбөгөн мүлк ээлерине административдик айып салынат. Анын өлчөмү 2 миң сом. Мындан тышкары, ар бир күн үчүн кошумча туум эсептелет. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө алдын ала эсептөөлөр боюнча кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөн 300 миллион сом чогулду. Алдын ала эсептөөлөр бюонча, жыл аягына чейин 700 миллион сомго жетиши керек.

“Салыкты аймактык салык кызматынан тышкары төлөм терминалдарынан, коммерциялык банктардан төлөсө болот. Автоунаа ээлери салык төлөгөн дүмүрчөгүн аймактык салык кызматына алып келип тапшырып, андан атайын кагазды алып, унаасынын маңдайкы терезесине чаптап алышы керек. Салыкты төлөө мөөнөтү аяктап бараткандыктан аймактык салык кызматтары тыныгуусуз иштеп жатышат”,- деди Салык кызматынын кирешелер башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева.