Жаңылыктар
Кыргызстанда кылымдын курулушу аяктады
Экономика
Кыргызстанда кылымдын курулушу аяктады

“Бухара газ району – Ташкент-Бишкек-Алмата” магистралдык газ өткөргүчү толугу менен оңдолуп, ишке киргизилди. 

Бул Кыргызстанды 2030-жылга чейин газдаштыруу жана көгүлтүр от менен камсыз кылуу боюнча “Газпром” тарабынан иштелип чыккан долбоордун алгачкы жемиши. 

Өлкөбүзгө Орусиянын “Газпром” башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер келип, республикабызда жүрүп жаткан газдаштыруу иштери менен жеринен таанышты. 

Алгач Бишкек шаарындагы заманбап автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясынын ачылыш аземине катышты. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"