Жаңылыктар
Курман айт күнү айт намазы эски аянтта окулат
Дин
Курман айт күнү айт намазы эски аянтта окулат

Айт намазы 1-сентябрь күнү эски аянтта окулат. Курман айт 1-сентябрга дал келгендиктен бул күн дем алыш деп жарыяланган.

Муфтияттын берген маалыматы боюнча майрамдык намаздын программасы төмөнкүчө болот:

06:00 дон баштап борбор калаадагы эски аянтка эл чогула баштайт

06:00 дон 07:00 го чейин аалымдардын баяны

07:00 дон 07:20 га чейин муфтий Максат ажы Токтомушевдин куттуктоосу жана баяндамасы

07:20 дан 07:30 га чейин өкмөт өкүлдөрүнүн куттуктоосу

07:30 — айт намаз башталат

Эскерте кетсек, былтыр Курман айт 12-сентябрга туура келген.