Жаңылыктар
Мугалимдер майрам күнү иштегени үчүн бул күнгө эки эселик акы алат
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалимдер майрам күнү иштегени үчүн бул күнгө эки эселик акы алат

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, мугалимдер майрам күнү иштегени үчүн ал күнгө эки эселик акы алат.

Кудайбердиеванын айтымында, мындай чечим 1-сентябрь Билим күнү Курман айтка туш келгендиктен, кабыл алынды. Эс алуу күнү жарыяланганына карабай, мугалимдер мектепке салтанаттуу линейка жана класстык сааттарды өткөрүүгө барышат. 

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, дем алыш күндөрүндөгү эмгек үчүн эки эсе көп акы эсептелет. Эске салсак, 1-сентябрь Билим күнү белгиленет. Ушул эле күнү мусулмандар Курман айт майрамын майрамдашат.