Жаңылыктар
Токтогул ГЭСинде модернизациялоо иштеринин экинчи этабы аяктады
Экономика
Токтогул ГЭСинде модернизациялоо иштеринин экинчи этабы аяктады

Токтогул ГЭСинде модернизациялоо иштеринин экинчи этабы жүрүп, учурда трансформаторду орнотуу иштери аяктады. Маалыматка ылайык, ГЭС 2022-жылы толугу менен жаңыланып иштеп баштайт. Жалпысынан быйыл 55 миллион доллар көлөмүндө иш аткарылат, ал эми жалпы 450 миллион доллар каралган. Ал арада жергиликтүү серепчилердин баамында,  Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөө менен өлкөнүн энергетикалык туруктуулугу бекемделип, энергетикалык көз карандысыздык чыңдалат. 

Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыка жетип, өлкөдө жаңы энергетикалык инфраструктураны куруу жана иштеп жаткандарын модернизациялоо боюнча комплекстүү иштер кызуу  жүргүзүлүүдө.Чет өлкөлүк насыялардын эсебинен өлкөдө “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясы курулуп, Токтогул ГЭСи, Бишкек Жылуулук электр борбору жаңыланууда. Мындан тышкары 2018-жылы январдан тарта өкмөт CASA-1000 долбоорун ишке ашырып, электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга экспорттоону көздөп жатат.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"