Жаңылыктар
Ош: Курман айтта коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: Курман айтта коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт

Ошто Курман айт майрамынын урматына кыркка чукул коомдук транспорт калаа тургундарын жана меймандарын акысыз ташыйт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Талант Канатбек уулу билдирди. 

Анын айтымында, бул иш-чарага кетчү каражат Ош мэриянын бюджетинен бөлүндү. Быйыл 1-сентябрда кош майрамдын урматына эртең мененки жетиден кечки тогузга чейин коомдук транспорт шаардыктарга акысыз кызмат көрсөтөт. Ал үчүн №12 жана 13-багыттагы 25 автобус, ошондой эле №1 жана 2-багыттагы 15 троллейбус бөлүндү. 

Бул маршруттук схема боюнча каттаган коомдук транспорт калаанын борбордук көчөлөрүндө бир күн бою жарандарды акысыз ташыйт. Мындай демилге Ош шаарында экинчи ирет уюштурулууда. Буга чейин ушул жылдын 25-июнунда Орозо айттын урматына алгачкы жолу коомдук транспортто жүрүү акысыз болгон.