Жаңылыктар
Президент Чоң-Алайда кырсыктан жабыркагандарга жардам берет
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Чоң-Алайда кырсыктан жабыркагандарга жардам берет

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Чоң-Алай районундагы жер силкинүүдөн жабыркаган жарандар менен да жолукту. Кырсыктан үй-жайынан ажыраган тургундарга үч жүз миң сом каражат тапшырды. 

Жергиликтүү тургундар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түрдүү көйгөйлөрүн айтып калышты. Аны болсо өлкө  башчы тизмектеп алып, президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин аткарууга  аракеттенерин билдирди. 

Өлкө башчынын тоолуу аймакка келүүсүн утурлай, заманбап  үлгүдөгү орукана да бүткөрүлгөн. Анын кызыл тасмасы кесилип, пайдаланууга берилди. Эски имарат чейрек кылым мурда ашар жолу менен курулуп, колдонуудан  чыгып калган эле. 

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"