Жаңылыктар
Чолпон-Атадагы ипподромдо спорттук "Манас оюндары" мелдеши өтүүдө
Спорт
Чолпон-Атадагы ипподромдо спорттук "Манас оюндары" мелдеши өтүүдө

Чолпон-Атадагы ипподромдо спорттун улуттук жана элдик түрлөрү боюнча "Манас оюндары"- деп аталган мелдеш өтүүдө. Ага 11 командадан 132 спортчу катышып жатат. 

29-августта көк бөрү боюнча Президенттин Кубогу үчүн финалдык таймашта күч сынаша тургандар аныкталды. Тайпалык этаптын жыйынтыгында жарым финалга "Мурас", "Арашан", "Достук" жана "Биримдик" командалары чыккан. Алгач "Мурас" менен "Арашан" тайпалары беттешип, оюн 5:0 эсебинде "Мурастын" пайдасына аяктады. Ал эми жарым финалдын экинчи оюнунда "Достук" командасы "Биримдик" тайпасын 5:1 эсебинде жеңди. 

Эми чечүүчү беттешүүдө "Достук" жана "Мурас" тайпалары баш байгеге күч сынашат. Финалдык беттеш 31-августта өтөт.