Жаңылыктар
Оң рулдуу унаалардын маселеси 2020-жылга чейин узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Оң рулдуу унаалардын маселеси 2020-жылга чейин узартылды

Оң рулдуу автоунаалардын жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салуу мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин отурумунда белгилүү болду. Мурда күчүнө кирген мыйзам жоболоруна ылайык, оң рулдуу унааларга 2016-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынган болчу. 

Бирок депутаттар Иса Өмүркулов менен Алтынбек Жунус уулу оң рулдуу автомашиналарды жүргүнчүлөр менен коммерциялык жүктөрдү ташууга тыюу салуу мөөнөтүн дагы 4 жылга узартуу демилгесин көтөргөн. Эл өкүлдөрү мунун себебин калктын кайрылууларына негиз кылган.