Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкектеги борбордук аянттагы салтанат биринчи жолу жаңы форматта уюштурулат. Салтанаттын идеясы Кыргызстандын келечегине багытталган.
Иш-чарага 800дөн ашык жаш артист катышат. Иш-чара эртең менен саат 10:00до башталат. Ал эми борбордук аянттын жасалгасы да жылдагыдан өзгөчө болот.
Кечки салтанат саат 19:00дө башталат. Мындан тышкары, Бишкектин 4 районунда да майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Майрамдык фейерверк болсо кечки саат 10:00до атылат.