Жаңылыктар
Майрам күндөрү өлкөнүн күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат
Кыргызстан жаңылыктары
Майрам  күндөрү өлкөнүн күч түзүмдөрү  күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Эгемендик жана Курман айт күндөрү өлкөнүн күч түзүмдөрү коомдук коопсуздукту сактоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ал эми бир аптадан бери негизги жолдорго блокпосттор коюлуп унаа агымы текшерүүгө алынган. Адаттагыдай эле майрамга карата тартип сакчылары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Өлкө боюнча коопсуздукту камсыздоого 7 миңден ашык милиция кызматкери, анын 2 миңден көбү Бишкекте тартылган. Кошумча аскер жана коопсуздук кызматы дагы көзөмөл кылат.

Күч түзүмдөрүндө кылмыштын алдын алчу түрдүү бөлүм бар, ар бири өз багыты боюнча иштеп жатат. Эгер шектүү нерсе учураса милицияга кабарласа ашык болбойт. Жакында эле Чүй облусунда издөөдө жүргөн террорчулар жок кылынды. Жарадар болуп колго түшкөнү да бар. Дин чөйрөсүндөгү өкүлдөр күч кызматы тетири жолдо жүргөн адамдардан коргоп жатканын туура деп баалайт. Майрам күндөрү иш-чара өтчү аянттар курчоого алынып, ар бир кирген киши текшерүүдөн өтөт. Тартип сакчылар шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.