Жаңылыктар
Быйыл азык-түлүк тартыштыгы болбойт
Айыл чарба
Быйыл азык-түлүк тартыштыгы болбойт

Быйыл азык-түлүк тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирүүдө. Айрым адистер азык-түлүк коопсуздугунда көйгөй жаралбайбы деген маселени көтөрүшкөн. Министрлик бул жылы түшүм мол болгонун белгилеп, тынчсызданууга негиз жок экенин кабарлады. Айыл чарба азыктары ички рынокту гана толтурбастан, экспорттолуп жатат.

Баткен облусунун дыйкандары учурда тамеки, картошканы жыйноо менен алек. Көпчүлүктө түшүм жогору болду. Эми анын баасы өздөрүнө ыңгайлуу болсо деп үмүт кылышууда.
Өлкө түштүгүндө буудай менен арпа дээрлик жыйналып бүттү. Тоолуу Чаткал менен Алай районунда гана оруп жыюу иштери соңуна чыга элек. Ал эми түндүк тарапта Суусамыр, Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүндө иш кызуу жүрүп жатат. Быйыл буудайдын түшүмү ар гектарына 27 центнерди түзүүдө. 


Өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууда ун, эт, сүт, шекер сыяктуу азык-түлүктөрдүн тогуз түрүн камсыз кылуу өзгөчө маанилүү. Быйыл миллион тоннага чейин кант кызылчасын алуу пландалган. 1-октябрдан баштап Кошой заводу иштей баштайт. Анын жардамы аркылуу жалпы өлкөнү өзүбүздө өндүрүлгөн шекер менен камсыз кылууга шарт түзүлөт. Азык-түлүктөрдүн негизги түрлөрү тартыш болбойт.
Жетиштүү өндүрүлбөй калган азыктар коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Адистер бул жаатта да көйгөй болбостугун белгилешүүдө. Себеби коңшу Казакстанда да түшүм жогору болгондуктан бааларда олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Соңку учурларда Кыргызстан экспорттогон товарлардын көлөмү жогорулаган. Анда айыл чарба азыктарынын да жетиштүү өлчөмү бар. Өлкөдөн сырткары көп чыгарылгандыктан жыл соңунда тартыштык болушу мүмкүн деген божомол дал ушул себептен жаралгандай. Бирок, тиешелүү мекеме кооптонууга негиз жок экенин билдирди.