Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленип жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленип жатат

Бүгүн Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленип жатат. 1991-жылдын 31-августунда Легендарлуу парламенттин 6-кезексиз чакырылышында Кыргыз Республикасы эгемендүү, көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу өлкө деп жарыяланган. Кыргызстан көз карандысыздыкты алганына быйыл 26 жыл болду. Бул жылдар аралыгында Кыргызстан чыныгы демократиялык баалуулуктарды курду, башка мамлекеттер менен кызматташтыкка карай бет алып, дүйнөлүк коомчулукка активдүү түрдө интеграцияланды. 

Бул жолдо ийгиликтер жана жетишкендиктер менен чогуу кыйынчылыктар жана кемчиликтер да болду, бирок өлкө ал тоскоолдуктарды жеңип, демократиялык кайра курууга багытын улантып жатты. 

Бүгүн Кыргызстан көз карандысыз өлкө катары дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн ордун тапты, эл максатка багытталган мүнөз берүү менен жаңы Кыргызстандын пайдубалынын негизин түптөй алды. Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам таштоо менен бара жатат.