Жаңылыктар
Каракол шаарында кайрымдуулук дүкөнү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаарында кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Эгемендик майрамын утурлай Каракол шаарында кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Анда кийим кече жана азык-түлүк коюлган. Дүкөн мамлекеттик жана жеке ишкерлердин өнөктөштүгү, жакырчылыкты жоюу программаларынын негизинде ишке киргизилип, анын ачылышында 26 окуучу мектеп формасы менен камсыздалды. 

Дүкөндүн ишине шаардык мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы көмөк көрсөтүп, калаадагы муктаждар менен байланыш түзүп берип турат. Дүкөндөгү товарлар муктаж адамдарга талон менен таратылат..Демилгечилердин максатын ишке ашырууга шаар бийлиги колдоо көрсөткөн.