Жаңылыктар
Президенттик шайлоого эл аралык байкоочулар каттоодон өтүштү
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоого эл аралык байкоочулар каттоодон өтүштү

Борбордук шайлоо комиссиясы дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Аккредитациядан КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы - Аткаруу катчысы Сергей Лебедев башында турган КМШ Аткаруу Комитетинин байкоочулары, Элчи жана Миссиянын башчысы Александр Кельчевский жетектеген Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросунун байкоочулары,ЕККУнун эл аралык байкоочулары аккредитациядан өтүштү. 

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 61 байкоочуну каттаган болчу.