Жаңылыктар
КТРКнын кызматкерлери мамлекеттик наам жана Ардак грамота менен сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
КТРКнын кызматкерлери мамлекеттик наам жана Ардак грамота менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө алдында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Сыйлыкка Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын дагы 3 кызматкери ээ болушту.

КТРКнын “Маданият Тарых Тил” телеканалынын продюсери Назира Аалы кызы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамына татыктуу болсо, КТРКнын Республикалык радиотелеборборунун директору Бактияр Алиев менен “КТРК Спорт” телеканалынын продюсери Шайырбек Араповго Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы ыйгарылды. 

 КТРКнын жалпы жамааты сыйлыгыңыздар менен куттуктайт. Ар бириңиздер өз кесибиңиздердин чеберисиздер!