Эгемендик күнү менен удаалаш Курман айт майрамы кирип келди. Мусулман дининдеги улуу майрамга карата көптөгөн адамдар камылгасын көрүп жатышат. Бул күнү сөзсүз түрдө курмандык чалынып, мал союлат. Дал ушул күндөрү мал базарда соода кызыйт.
Курман айт күнү колунда барлар курмандык чалып, көзү өтүп кеткендерди эскерип, курмандыкка сойгон малдын этин муктаж болгондорго таратып бериши керек. Этти союунун жана бөлүштүрүүнүн өзүнчө эрежелери бар.
Курман айт майрамы ислам дининдеги эки чоң майрамдын бири. Биринчиси Орозо айт, экинчиси Курман айт. Орозо айт майрамы - кичине майрам, Курман айт - чоң майрам деп аталат. Себеби, Орозо айт бир күн майрамдалса, Курман айт майрамы үч күн майрамдалат.